19/02 12:29
 

РЕСПУБЛИКАЛЫК ГЕЗИТТЕРГЕ ОБЗОР

 РЕСПУБЛИКАЛЫК ГЕЗИТТЕРГЕ ОБЗОР

“ЭРКИН ТОО”

Өкмөттүн негизги максаты элдин турмушун оңдоо

Кыргызстандын Премьер-министри Темир Сариев: “Өкмөттүн негизги максаты элдин турмушун оңдоо” аттуу темадагы маегинде өлкөдөгү жазгы талаачылык иштерине даярдыктын жүрүшү, учурдагы актуалдуу маселелер боюнча олуттуу ойлорду ортого салат. Дыйкандарга кредит берүү маселеси чечилгендиги, ЕАЭБге тарыхый чечим алып киргенибиз, дүйнөлүк кризистин таасирлери жөнүндө кеп козгойт.

“Чолпон-Ата” ат майданы эл аралык деңгээлде курулат

“Чолпон-Ата” ат майданы эл аралык деңгээлде курулат” деген макаласында курулуп жаткан объекти масштабы боюнча Борбордук Азияда курула элек көп тармактуу комплекс экендигин баса белгилейт. Аталган комплексти “Азат” корпорациясы курууда.

Элибиздин китеп окуу маданиятын көтөрсөк

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Н. Кадырбеков маданият өнүксө экономика да өнүгө тургандыгына көптөгөн өлкөлөр мисал болгондугун баса белгилейт.

Журналисттик калем менен жазуучулукка кыялагам

Белгилүү жазуучу Абдиламит Матисаков Ош базарын күркүрөп ачып жаткан сөз дарыясы катары сүрөттөйт. Жазуучу досу Тойчубай Субанбеков жөнүндө абдан кызык пикирлерин билдирген.

Социалдык объектилердин инфратүзүмдөрү жакшырат

Аламүдүн районундагы Таш-Мойнок айыл аймагынын башчысы Мирлан Ракишев тыным албай иштеген мээнеткечтиги сүрөттөлгөн.

Алдыда албан максаттарыбыз бар

Бишкек шаарындагы №6 стоматологиялык поликлиникасынын башкы врачы Токтобек Борончиев катуудан тиш, жумшактан ич оорубасын дегендей, тиш жөнүндө кеңири ойлорун ортого салган.

 

“КЫРГЫЗ ТУУСУ”

Керенскийдин аты унутулбасын

1916-жылдагы Үркүндү бетине жамынып эл ичинде терс пикир жаратуу туура эмес деп эсептейт бир катар бейөкмөт уюмдарынын жетекчилери. Алардын пикиринде коомдук ишмер Александр Керенский кыргыз элинин таламын талашкандыгы, кара кылды как жарган чынчылдыгы үчүн анын ысымын Бишкектин көчөлөрүнүн бирине же мектепке ыйгаруу туура болот.

Трибой турганда жакшы эле...

Козубек Иманкулов Таластагы жылуулук менен камсыздоо ишканасынын азыркы оор абалы тууралуу маселе көтөрөт. Ишкананын мурдагы жетекчиси Николай Трибой турганда абал жакшы эле. Аны ар кандай интрига менен кетиришип, азыр тажрыйбасы жок жетекчини коюудан шаар эли жапа чегип жатат,- дейт.

“Жаңыл мырза”

Белгилүү коомдук жана саясый ишмер Жаңыл Түмөнбаева тууралуу кеңири макалада инсандын элине жасаган эмгеги туурасында кеңири баяндалат.

Кооператив – дыйкандарыбыздын ийгилиги

Кыргызстан кооперативдер союзунун төрайымы Айнура Иманбекова дыйкандардын кооперативдерге бириктирүүнүн артыкчылыктары жана фермерлер андан кандай утуштарга ээ болоорун айтып берет. Майда дыйкан чарбаларын кооперативдерге бириктирүү – келечектүү иш экендигин баяндайт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу