16/02 12:32
 

РЕСПУБЛИКАЛЫК ГЕЗИТТЕРГЕ ОБЗОР

 РЕСПУБЛИКАЛЫК ГЕЗИТТЕРГЕ ОБЗОР

“ЭРКИН ТОО”

“Ата Журтун ардакташ азаматтын белгиси”

Макаланын автору Бегим Турдалиева анда азыркы дүйнөдө түзүлүп жаткан кыйын кырдаалда эл башындагылар жана жумурай журт бир тегиз максатка баш кошуп, ар бирибиз ата-журтту суук көздөн, суук сөздөн коргоп, ардактай алсак, бабаларыбыз айткандай бакыт чөйчөгүбүз мелт калт толуп ырыскыбыз артаар деген ойду айтып. Айрыкча эл ичинде бөлүнүп жарылууну токтотсок деген чакырык жасаган.

“Маданияттагы кенемтенин ордун толтурууга кез келди”

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору Кыргызбай Осмонов менен тарых жана маданият жылына карата маек уюштурулду. Анда таланттардын уясы болгон филармонияда бул жылдын урматына кандай иш-чаралар пландалып жаткандыгы тууралуу айтылган. Маекте филармониянын быйыл 80 жылдыгы өткөрүлө тургандыгы айтылып, анын урматына уюштурулган гастролдор боюнча кеп болгон.

Укугуңду биле жүр

Социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиев менен “Келечектеги пенсияга кам көрбөсөң, жеткиликтүү пенсия алууга укугуң болбойт” аттуу маек. Анда пенсияны канткенде көп алууга болот. Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун акыбалы жана аны кайтарып алуунун жолдору боюнча кеп козголду. Төрага камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөсөң пенсия алууга укугуң жок экендиги тууралуу да кеп кылат.

“КЫРГЫЗ ТУУСУ”

Премьер-министр Темир Сариев: “Ички дүң продукцияны 5,2% жеткирүүгө аракеттенебиз”

Кыргыз Өкмөтүнүн жыйынында республиканын экономикасын алга өнүктүрүүнүн жолдору талкууланды. Кеңири матералды гезиттен окуй аласыздар.

“Атка минерлер үчүн эң чоң жаза – аны кызматтан алуу”

Депутат Аида Салянова менен маекте салттарды, салтанаттарды жана каада-жөрөлгөлөрдү тартипке салуу тууралуу кеп болот.

“Элдин насыяны кайтаруу маданияты өстү”

Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев гезиттин окурмандары менен түз байланышта суроолорго жооп берет.

“Кай жерде болбосун Кыргызстанга сөз тийгизбей келем”

Москвадагы мигранттарды коргоо борборунун президенти Чолпон Осмонова кеңири маек куруп берет. Кыргызстандык мекендештерибиздин Москвадагы турмушу, жумушка орношуусу жана аларга кандай жардам көрсөтүлүп жаткандыгын баяндайт.

“Алдуумун деп алсызды баса калайын дегенби?”

Гезиттин кабарчысы Мырзакат Тыналиевдин фельетон ордуна макаласында Чүй мамлекеттик бассейндик чарба башкармалыгынын начальниги Руслан Девяткулов же башкармалыктын Сокулук участогунун ошол кездеги начальниги Мелис Маликовдун көзөмөлдөөчү болуп иштеген Р.Жүндүбаевди мыйзамсыз иштен бошотуу фактысы туурасында кеп болот.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу