12/02 16:42
 

Республикалык гезиттерге обзор

Республикалык гезиттерге обзор

“ЭРКИН ТОО”

Жүрөккө 7,5 саат операция жасалды
Кыргызстанда эле эмес, анын чегинен тышкары да таанымал кардиохирург Калдарбек Абдыраманов жеке менчик клиникалардын биринде кочкорлук Айзада Сыдыкбекованын жүрөгүнө 7,5 саат операция жасап, өлүмдөн сактап калды. Хирургдун айтымында, мындай операция чет мамлекеттерде 25-30 миң долларга жасалат. Айзада үчүн операция дээрлик акысыз болду.

Кара-Кечеде 250 миң тонна көмүр казып алды

Өткөн жылы “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы Кара-Кечеде 250 миң тонна көмүр казып алган. Жакынкы жылдарда бул көрсөткүч 600 миң тоннага жеткирилет. Учурда ишканада иштеген жумушчулар орточо 23 миң сомдон айлык маяна алышат. Ал эми көмүрдүн баасы кендин өзүндө 235-255 сомду гана түзөт.

Япон элинин өнөрү менен алектенет

Кесиби биолог жердешибиз Аширбек Раимкулов жыйырма жылдан бери япон элинин бонсай өнөрү менен алектенет. Бул өнөр абдан көп машакатты талап кылат. Бирок, ага карабастан, ал өзү өстүрүп жаткан бонсай дарактарын баласындай эле бапестейт.


“КЫРГЫЗ ТУУСУ”

Сариев салыкчылардын сазайын берди

Премьер-министр Темир Сариев Кыргызстандын салыкчыларынын алдына катуу талаптарды койду. Салык кызматкерлери ишкерлерге “адвокат” болгонду токтотуу керектигин катуу эскерткени баяндалат

Фонддун миллиарддары ишкерлерде

Россия –кыргыз өнүктүрүү фонду 1миллиард 2016 миллион сом 5 жылдык мөөнөткө 12 % менен чакан жана орто бизнес ишканаларына берген. Быйыл дагы 107 миллион долларлык 15 долбоор финансыланышы күтүлүүдө. Фонддун ишмердиги тууралуу кеңири материал берилген.

Төрөкул балбан баяны

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Тоскоол –Ата кыштагында мындан болжол менен 150 жыл мурда Төрөкул балбан жашаган.
Төрөкул мундуз уруусунан. 992 кил ташты 515 метр аралыкка көтөрүп барып таштаган дешет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу