09.02.2016, 15:52

Республикалык гезиттерге обзор

Республикалык гезиттерге обзор

“Эркин Тоо”

“Туңгуч билим уясы”
Борборубуздагы №5 мектептин түзүлгөндүгүнө быйыл 90 жыл толот. Алгач 1926-жылы Таштак мектеби деп аталган. Анткени таштан курулган. Туңгуч кыргыз мектебине 67 окуучу кабыл алынып, 6 мугалим иштеген. Тун директору - Бектурган Койчуманов.

1936-1937-окуу жылдары мектеп алдында интернат ачылып, туш-тараптан балдар кабыл алына баштайт.
Бул атактуу мектеп нечен кыргыз элинин кыраандарын тарбиялады. Маданият менен искусствонун дөө-шаалары: Салижан Жигитов, Сүймөнкул Чокморов, Төлөмүш Океев ж.б. мамлекеттик жана коомдук көрүнүктүү ишмерлер: Ишенбай Абдуразаков, Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов ж.б. кыргыз интелегенциясынын кыраандары учуп чыккан.

“Мыктыдан чыккан мыкчыгер же Көк-Мойноктун көз жашы”

Редакцияга Тоң районундагы Көк-Мойнок айыл аймагынын башчысы Таалай Куланбаевдин жасаган иштерине ичи чыкпаган 160 кишинин колу коюлган арыз менен кайрылышкан. Кайрылган элдин арыз-муңун жеринде териштирүү максатында “Кайрылуунун изи” менен барган кабарчы өз көзү менен көрүп, кулагы менен уккандарын жазып келген.

“Сооронбай доору”

Акын Кожогелди Култегиндин “Сооронбай доору” макаласында устатынын акындык эле эмес, адамдык сапаттарына кенен токтолгон.
Акын устатын узатууга алыс жолдон келалбай Түркиянын Анкарасынан жазган эскерүү эссеси - Сокесинин жаткан жайына койгон гүл дестеси.

“КЫРГЫЗ ТУУСУ”

Түз байланыш
Гезит окурмандарын Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев менен 12-февралда түз байланышка чакырат.

“Мегакомду” менчиктештирүүдө бир гана мамлекеттин кызыкчылыгы бар”

Кабарчы Азимжан Ибраимов экономика министри Арзыбек Кожошев менен Кыргызстандын экономикасынын азыркы абалы, Евразия экономикалык бирликке кошулгандын артыкчылыгы жана кыйынчылыктары туурасында маек курат.

“Талаштан тактык жаралдыбы же кайра чаташуулар болдубу?”

Кыргыз тарыхындагы белгилүү инсан Тилекмат аке чындыгында кандай адам болгон деген талаш-тартышка Үсөн Сарыбаев өз пикирин кошот.

“Кийинкилери эстелип, биринчиси унутулабы?”

Тарых жана маданият деп жарыяланган жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин президиумунун алгачкы төрагасы Асаналы Толубаевдин бюстун мамлекеттүүлүктү негиздөөчүлөрдүн аллеясына коюу маселесин премьер-министр Темир Сариевден өтүнүшөт.

Автордун айтымында Асаналы Толубаев карапайым колхозчу катары эмгек жолун баштап, кийин чарбаны жетектейт. Колхозду алдыңкы чарбалардын катарына кошот. 1938-жылдагы шайлоодо депутат болуп шайланып, Кыргыз ССР Жогорку Советининин Президиумунун биринчи төрагасы болуп шайланган.