Медицина

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
19/01 11:44
 

Кыргызстанда ракка диагноз коюунун сапаты жакшырды

Бишкек, 19-январ /Кабар/. Кыргызстандык дарыгерлер европалык кесиптештери менен биргеликте онкологиялык оорулуулардын диагностикасын жакшыртышат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук онкология борборунун директорунун милдетин аткаруучу Дамир Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, онкологиялык оорулууларды даарылоодо эң башкысы – эртелеп диагностика жүргүзүү.

“Европалык кесиптештерибиз реактивдерди жардам катары алып келди, алар бизге оорулууларды даарылоого үч жылга жетет. Бул реактивдер өтө кымбат болгондук биз мурда аларды сатып алалбай келгенбиз. 2016-жылдын ноябрында Онкологиянын Европа саламаттыкты сактоо мектеби менен кызматташтык жаатында меморандум түзүлгөн. Бул миссияда имунногистохимия жаатында лабораторияны ишке киргизүү сунушталган. Учурда бул анализдерди кантип жүргүзүү керектигине адистерди окутуу жүрүүдө”,-деди Д.Абдылдаев.

Өз кезегинде Онкологиянын Европа саламаттыкты сактоо мектебинин президенти Феддро Пеккаторы 25 жыл мурда уюшулган онкология мектебинин негизги максаты – онкооорулууларды мыктылап даарылоо үчүн медперсоналдарды окутуу экендигин белгиледи.

Ал эми швейцариялык онколог Оливии Пагани Кыргызстанда аялдардын эмчек безинин рагына эртелеп диагноз коюу ишин башташканын билдирди.

Ошондой эле, даарыгерлер онкопациенттер үчүн анализдер акысыз жүргүзүлөрүн кабарлашты.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу