Медицина

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
17/01 18:09
 

Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек өлүкканасына колкап, халат жана кеңсе кагаздарынан жардам берүүнү өтүнөт

Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек өлүкканасына колкап, халат жана кеңсе кагаздарынан жардам берүүнү өтүнөт

Бишкек, 17-январь /Кабар/. КР Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек өлүкканасына бир жолу колдонулуучу колкаптардан, халаттардан жана кеңсе кагаздарынан жардам берүүнү өтүнөт, деп билдирди министрликтин басма сөз борборунун консультанты Елена Баялинова.

Ал эгерде башкалаанын өлүкканасынын кызматкерлерине колкап, бир мертебе же көп жолу колдонула турган халаттар, гөлөчтөр, А-4 форматындагы кеңсе кагаздары жана картридж жагынан жардам берүүнү каалагандар болсо байланышып коюуларын өтүндү.
“Бул кызматтын азыркы оор абалын түшүнүү керек. Көптөгөн документтерди толтурууга туура келүүдө. Баш калаанын өлүкканасынын материалдык, каржылык оор абалын буга чейин көп жолу айтканбыз”,-деди ал.

Е.Баялинова ошондой эле, өлүкканада муздаткыч камералар көйгөй жаратарын, желдеткич системалары иштебегенин белгиледи.

Жардам берүүнү каалагандар (0555) 75 82 55 номерине чалып байланышса болот.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу