Медицина

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/01 16:23
 

Учак кырсыгынын натыйжасында ооруканага жаткырылган балдардын абалы канааттандырарлык – ССМ

Бишкек, 16-январь /Кабар/. Учак кырсыгынын кесепетинен ооруканага жаткырылган балдардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев учак кырсыгынан жабыркап, Медициналык тез жардамдын шаардык балдар клиникасына жаткырылган балдардын абалын көрүп кайтты.

“Балдардын абалы канааттандырарлык. Толук дарыланып жатышат. Медициналык дары-дармектер менен толук камсыздалган. Ошондой эле, психологдор балдар менен иш алып барышууда”,-деп билдирди асма сөз кызматы.

Мындан тышкары, министрдин орун басары республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна барып, аталган мекеменин учак кырсыгынан каза болгондордун сөөгүн экспертизадан өткөрүүнү уюштуруу боюнча иштери менен таанышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу