Медицина

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
09/01 17:20
 

Бишкекте сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны 1,5 эсеге төмөндөдү

Бишкекте сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны 1,5 эсеге төмөндөдү

Бишкек, 9-январь /Кабар/. Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору башкалаада сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) менен ооругандардын санын 1,5 эсеге төмөндөгөнүн маалымдады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Медиктер оорулуулардын медициналык тез жардам кызматына, медициналык үй-бүлө борборлоруна жана республикалык клиникалык инфекциялык бейтапканага кайрылуулары азайгандыгын айтышууда.

Башкалаанын саламаттыкты сактоо департаменти мектептерге, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына окуучулардын катышуусуна күн сайын мониторинг жүргүзүүдө. Медиктер шаардыктарга эл көп топтолгон жайларга барбоого, оорунун алгачкы белгиси байкалганда адискөй врачтарга кайрылууга, өз алдынча дарылануудан карманууга чакырат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу