Медицина

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
19/12 10:56
 

Т.Батыралиев: “КР менен Индиянын ортосунда медицина жаатында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлушу КРге арзан да, сапаттуу да дары-дармектердин түшүшүн шарттайт”

Нью-Дели, 19-декабрь /Кабар/. Кыргызстан менен Индиянын ортосунда медицина жаатында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлушу КРге арзан да, сапаттуу да дары-дармектердин түшүшүн шарттайт. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан ар кайсы өлкөлөр менен көртөгөн келишимдерди түзгөн. Учурда Кыргызстан менен Индиянын Саламаттыкты сактоо министрликтеринин ортосунда кызматташууга келишим даярдалды.

“Кийинки 20 жыл ичинде фармацевтика тармагы тездик менен өнүгүүдө. Индияда дары-дармектер өндүрүшү жакшы жолго коюлган. Кыргызстан менен Индиянын ортосунда медицина жаатында кызматташуу боюнча келишимге кол коюлушу КРге арзан да, сапаттуу да дары-дармектердин түшүшүн шарттайт, деп ойлойм. Ошондой эле Индия тарап дары-дармектерди чыгаруу боюнча зовод курууга кызыгууда. Биздин пациенттер жакшы медицинаны издешип, башка өлкөлөргө, ошонун ичинде Индияга да барышууда. Биз индиялык врачтардын тажрыйбасын алып, биздин пациенттерди өзүбүздү даарылоо аракетин көрөбүз”,-деди Т.Батыралиев.

Ал белгилегендей, фарминдустрия тездик менен өнүгүүдө. Бирок медицина жаатында кыргыз-индия мамилеси эми гана башталууда.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу