Медицина

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
30/11 16:18
 

Сасык-тумоонун жайылышынан улам өлкө боюнча карантин киргизүүнүн зарылчылыгы жок – Мамсанэпидемкөзөмөл

Сасык-тумоонун жайылышынан улам өлкө боюнча карантин киргизүүнүн зарылчылыгы жок – Мамсанэпидемкөзөмөл

Бишкек, 30 -ноябрь /Кабар/. Сасык-тумоонун жайылышынан улам өлкө боюнча карантин киргизүүнүн зарылчылыгы жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ооруларды алдын алуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин эпидемиолог-врачы Алтынай Жалимбекова билдирди.

Анын айтымында, учурда көп окуучулар мектепке бара албай калышса, ошол мектептерде гана карантин киргизилиши мүмкүн.
“Мектептерге мониторинг жүргүзүлүп турат, эгерде сасык тумоодон же курч респиратордук вирустук инфекциядан улам окуучулардын белгилүү бир пайызы мектепке бара албай калышса, отчет түзүлүп, санэпидемстанцияга берилет. Андан соң гана буйрук даярдалып, ошол мектептерде гана карантин киргизилет”-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек мэриясы башкалаанын 8 мектеби карантинге жабылгандыгы тууралуу маалымат таратты, анткени окуучулардын 30% сасык тумоодон жана курч респиратордук вирустук инфекциядан улам сабакка барышкан эмес. Мында 35тен ашык мептептер текшерүүгө алынган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу