30.11.2016, 10:03

Бишкекте КРВО күчөп кеткендигине байланыштуу медмекемелер 6 күндүк жумуш күнүнө которулду

Бишкекте КРВО күчөп кеткендигине байланыштуу  медмекемелер 6 күндүк жумуш күнүнө  которулду

Бишкек, 30 -ноябрь /Кабар/. Бишкекте курч распиратордук вирустук оорулардын (КРВО) күчөп кеткендигине жана медициналык тез жардам станциясына чакырыктардын көп болуп жаткандыгына байланыштуу бир катар медмекемелер 6 күндүк жумуш күнүнө которулду, деп билдирилди башкалаанын мэриясынан.

Бишкек Саламаттыкты сактоо департаментинин жарлыгы менен №1ден тартып №19 Үй-бүлө медборборлорунун директорлоруна 6 күндүк жумуш күнүн камсыз кылуу жана жекшемби күндөрү саат 9 дан 15:00 гө чейин дежурлукту дайындоо тапшырылды.

Бишкек шаарынын Үй-бүлө медборборлорунун даректери:
№1 - Ю.Фучика көч.№15;
№2 - 3 Линия көч № 25;
№3 - Жибек-Жолу көч. № 495;
№4 – Ибраимов көч. №181;
№5 – Көлбаев көч. №42;
№6 Жукеева-Пудовкин көч. №83;
№8 - Чүй пр. №40;
№9 - Курманжан-Датка көч. № 109А;
№10 Бөкөнбаев көч. ,61
№11 –Киев көч.,154;
№12 Кривоносов көч.206Б;
№13 –Токтогул көч.,250;
№14 Наманган көч.28;
№15 6-кичи району №1;
№16 Панфилов көч. №4;
№17 Чон-Арык айылы, Семетей көч. №152;
№18 Тыныстанов көч. №1;
№19 5-кичи району №16/1.

(Сүрөт интернеттен алынды)