Медицина

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
28/11 16:31
 

Сасык тумоо азырынча эпидемиялык деңгээлге жете элек – Саламаттыкты сактоо министрлиги

Сасык тумоо азырынча эпидемиялык деңгээлге жете элек – Саламаттыкты сактоо министрлиги

Бишкек, 28- ноябрь /Кабар/. Курч респиратордук вирустук инфекция азырынча эпидемиялык деңгээлге жете элек, андыктан сасык тумоо боюнча карантин киргизүүнүн зарылдыгы жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруларды алдын алуу борборунун башкы врачынын орун басары Курманбек Өмүралиев билдирди.

Анын айтымында, жыл башынын бери башкалаада курч респиратордук вирустук инфекция менен 10 миң 787 адам ооруган, алардын 70% 14 жашка чейинки балдар.

“Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу сасык тумоо оорусунун өсүшө 15, 4 % болгон, 2015-жылы 9 миң 347 оорулуу катталган. Инфекциянын өсүшү сууктун эрте түшүшүнө байланыштуу болду”-деди К.Өмүралиев.

Ал ошондой эле Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруларды алдын алуу борбору тарабынан Бишкекте эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жана вирусологиялык изилдөө жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

“Балдардын бөлмөсүндө температура 18- 23 градус, ал эми кеңселерде – 18- 21 градус болушу керек. Аба кургап кетпеши зарыл. Бөлмөлөр желдетилип турушу керек”-деди ал.

(Сүрөт интернеттен алынды.)

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу