Медицина

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
18/11 13:02
 

Министрлик врачтын рецепти менен гана сатыла турган дары-дармектердин дарыканаларда сатылышына көзөмөл жүргүзө албайт, анткени буга анын укугу жок

Бишкек, 18-ноябрь /Кабар/. Саламаттыкты сактоо министрлиги врачтын рецепти менен гана сатыла турган дары-дармектердин дарыканаларда сатылышына көзөмөл жүргүзө албайт, анткени буга анын укугу жок. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев билдирди

Ошону менен бирге ал Дары-дармектер менен камсыздоо департаменти даттануу болгондо гана текшерүү жүргүзө аларын белгиледи.

“Пландык же капыстан текшерүү жүргүзө албайбыз. Буга мыйзам жол бербейт. Жазана санкциялары бар. Мисалы, түштүктө 110 миң жазана санкциялары жазылган, мындай мисалдар түндүктө да бар”-деди ал.

Жыйында врачтар аптека менен сүйлөшүп алып кымбат дарыларды, же ашыкча дарыларды жазып берип жатышканы тууралуу журналисттердин суроосуна да жооп берилди.

“Мындай учурлар бар. Бул этикага жатпаган маркетинг деп аталат. Бул дүйнөгө тараган, ага каршы күрөш жүрүп келет. Бизде мындай көрүнүш аныктала турган болсо ишинен бошотууга чейин чара көрүлөт”,-деди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу