Медицина

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
18/11 12:32
 

Калктын 40%ы врачтарга кайрылышпастан антибиотиктерди колдонушат - Амангелди Мурзалиев

Бишкек, 18-ноябрь /Кабар/. Ден соолукту чыңдоо республикалык борбору менен “Ден соолукту сактайбыз” коомдук фонду 2013-2015-жылдары элдин антибиотикке көз карашы жана аларды колдонушу жаатында сурамжылоо жүргүзгөн. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Амангелди Мурзалиев билдирди

Анын айтымында, суралгандардын 40%ы врачтарга кайрылышпагандыктарын, көбүнчө дарыканаларга барышарын, тааныштарынан кеңеш алышарын же жарнаманы карашарын айтышкан.

“Суралгандардын 52%ы дары-дармектерди, айрыкча антибиотиктерди колдонуу режимин сакташпайт. Алардын 40-60%ы кеңеш алуу үчүн фармацевттерге кайрылышат. Суралгандардын жарымысы бираз жакшы болуп калган соң антибиотиктерди колдонушпай калышат. 70%ы өзүн-өзү дарылашат. Демек, бул жыл өткөн сайын адамдардын врачтарга кайрылуулары азайып баратканын көрсөтүп турат”,-деди ал.

Ошондой эле, А.Муралиев антибиотиктерди ашыкча колдонуу же туура эмес колдонуу башка ооруларды пайда кыларын белгиледи.
“Бул тууралуу элге маалымат жеткирүү зарыл. Ошондуктан, биз Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстанда антибиотиктерди туура колдонуунун жумалыгын өткөрүү демилгесин колдодук. 14-18-ноябрда тегерек үстөлдөрдү уюштуруп, плакаттарды тараттык. Адистерибиз аймактарда калк арасында маалымдоо иштерин жүргүзүштү”,-деди Амангелди Мурзалиев.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу