Медицина

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
08/11 11:26
 

Эмиль Макимбетов: “Кыргызстанда жыл сайын 200дөн ашык бала онкологиялык ооруларга кабылат

Бишкек, 8-ноябрь /Кабар/. Кыргызстанда жыл сайын 200дөн ашык бала онкологиялык ооруларга кабылат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында профессор, балдар онкологу Эмиль Макимбетов билдирди.

Ал белгилегендей, алардын жарымысы – лейкоз оорусуна чалдыккан балдар.

“Балдарда онкологиялык оору өтө бат өөрчүп кетет. Оору кайсы стадияда экендигин аныктап туруу үчүн өз убагында анализдерди жүргүзүү зарыл. Кыргызстанда онкооорулууларды иммундук фенотипирлөө боюнча татаал анализдерди жасай турган алгачкы лабораториянын ишке кириши – абдан жакшы фактор болду. “Лабтестке” биздин өлкөдө лаборатория ачкандыгы жана алгачкы бир жылы бекер анализдерди жүргүзүүгө макул болгондугу үчүн ыраазычылык билдирем”,-деди Э.Макимбетов.

Ошондой эле, профессор 2016-жылдын ноябрына карата Кыргызстанда 150 онкооорулуу бала катталганын, ал эми катталбагандар да көп экенин маалымдады.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу