Медицина

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
08/11 11:06
 

Кыргызстанда онкооорулууларга татаал анализдерди жасай турган алгачкы лаборатория ишке кирди

Бишкек, 8- ноябрь /Кабар/. Кыргызстанда онкооорулууларды иммундук фенотипирлөө боюнча өтө зарыл татаал анализдерди жасай турган алгачкы лаборатория ишке кирди. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Жардамдашуу жеңил” коомдук фондунун жетекчиси
Динара Аляева билдирди.

2 жыл боюу “Жардамдашуу жеңил” коомдук фонду бул анализдер үчүн чет өлкөлөргө, атап айтканда Россияга жана Казакстанга чоң суммада акча төлөп келген.

“Бир анализди эле чет өлкөгө жөнөтүү зор күч-кубатты жана көп адамдардын кийлигишүүсүн талап кылат. Мына эми жыл аягында жакшы жаңылык болду. «Лабтест» лабораториясы Бишкек жана Ош шаарынын онкооорулууларын бир жыл боюу бекер анализден өткөрүп туурууга макул болду.”-деди Д.Аляева.

«Лабтест» өнөктүгүнүн башкаруучусу Виктор Гавришевдин айтымында, бул аппарат 16 жашка чейинки онкооорулуу балдардын анализин жүргүзөт.

“Анализдер бир жыл аралыгында бекер жүргүзүлөт. Андан соң анализдерге акча төлөнө баштайт”-деди ал.

Д.Аляева белгилегендей, кандай гана болбосун Кыргызстандагы анализдер чет өлкөлөргө караганда 2-2.5 эсе арзан болот.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу