Медицина

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
01/11 15:04
 

Дарыгер Хашим Зайналиевдин медициналык ишмердүүлүгү үчүн лицензия алуу ниети жок

Бишкек, 1-ноябрь /Кабар/. Дарыгер Хашим Зайналиев медициналык ишмердүүлүк кылуу үчүн лицензия алуу ниети жок. Ал “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билдиргендей, элдерди дарылоого расмий уруксат алуу үчүн анын медициналык билими болуусу керек.

“Менде врачтын диплому жок. Азыр медицина тармагына окууга убактым дагы жок, анткени, окуп алсам жардамга муктаж бейтаптарым калып калат. Менин кесибим – химик-биолог. Ошондой эле, Казанда (Россия) ракты айыктыруу боюнча борбордо иштегем. Ага чейин рак сыяктуу ооруларды изилдөө жана айыктыруу илимий иштери менен алектенип келгем”,-деди ал.

Мындан тышкары, ал Х.Зайналиев Президентке, Жогорку Кеңештин депутаттарына, Өкмөткө жана Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрыла турганын кошумчалады.
“Мен нормативдик-укуктук актылар кайрадан каралып, мага лицензия алууга жардам берүүлөрүн суранамын”,-деди дарыгер.

Эскерте кетсек, 5-июлда Х.Зайналиевдин жеке менчик медициналык борборунан 56 жаштагы бейтап көз жумган. Ал аял 4-баскычтагы рак менен ооруган: ага операция – мастэктомия (эмчегин алуу) жасалган. Дарыгердин клиникасында 4-баскычтагы онкологиялык оорулуулар дарыланат.

Аталган жаңжалдан кийин ИИМ кылмыш ишин козгогон. Мындан тышкары, бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаменти жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлеринен турган комиссия түзүлгөн.

Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаменти билдиргендей, алар онкологиялык оорулууларды дарылоо үчүн “врач” кандай дарыларды колдонгонун билишпейт, банги зат препараттары колдонушу мүмкүн экенин божомолдошкон. Алынган препараттар экспертизага жөнөтүлгөн.

Өзүнүн ишмердүүлүгүнүн мыйзамсыз экенине карабай, ал ушул күнгө чейин бейтаптарды кабыл алууну улантууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу