Медицина

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
01/11 13:38
 

Хашим Зайналиев ракты дарылоонун ыкмасын таптым деп ишендирүүдө

Хашим Зайналиев ракты дарылоонун ыкмасын таптым деп ишендирүүдө

Бишкек, 1-ноябрь /Кабар/. “Биз ракты дарылоо ыкмасын таптык”,- деди “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында лицензиясыз даарыгер, химик-биолог Хашим Зайналиев.

Анын айтымында, учурда алар өздөрүнүн дарылоо ыкмасын патенттөө үчүн документтерди жыйнап жатышат.
“Биз эч качан адамдарга сыноо жүргүзбөйбүз. Биз табыгый дары-дармектерди гана пайдаланабыз. Биздин өзүбүзгө таандык медицинабыз бар, айтмакчы ал АКШда, Европанын көп өлкөлөрүндө практикаланып жатат. Бирок, биздин Саламаттыкты сактоо министрлиги бул ыкманы билишпейт экен”,-деди ал.

Мындан тышкары, Хашим Зайналиев онкооорулар менен катар эле урология, нефрология, эндокринология ж.б. ооруларды да дарыларын айтты.

“Онкологияны дарылоо өтө кыйын, ошондуктан ага көп убакыт сарптайбыз. Биз адамдарды гемодиализден арылтуу ыкмаларынын үстүндө да иштөөдөбүз”,-деп кошумчалады Х. Зайналиев.

Эскерте кетсек, 5-июлда Х.Зайналиевдин медборборунда 56 жаштагы аял өлгөн. Ал 4 стадиядагы ракка чалдыккан. Ушундан улам ИИМ кылмыш ишин козгогон. Мындан тышкары, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо департаменти комиссия түзүп, жеринде текшерген. Комиссия анын дарыларын текшерүү үчүн экспертизага жиберген. Саламаттыкты сактоо кызматкерлери аларда баңги заты болушу мүмкүн деп болжолдошууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу