Медицина

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
28/10 14:26
 

Кыргызстандык медиктер кайсыл орган мыйзамсыз дарылаган дарыгерлерди текшерүүгө укуктуу экенин билишпейт

Кыргызстандык медиктер кайсыл орган мыйзамсыз дарылаган дарыгерлерди текшерүүгө укуктуу экенин билишпейт

Бишкек, 28-октябрь /Кабар/. Кыргызстандык медиктер бейтаптарды мыйзамсыз дарылаган дарыгерлерди текшерүүгө жана аныктоого кайсыл орган укуктуу деген суроого жооп бере алышкан жок. Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бурул Өмүрбекова жана Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин директорунун орун басары Тилек Жантайбековдор “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында билдиргендей, саламаттыкты сактоонун расмий тутуму лицензиясыз дарыгерлерди текшерүүгө жана бөгөт коюуга укуктуу эмес.

Бирок, ЖМКларда Ашим Зейналиев деген дарыгер рак менен ооруган бейтаптарды кандай дарылап жатканы тууралуу сүрөт жана видеолор чыгып кеткенден кийин Саламаттыкты сактоо министрлигинен жакында аталган дарыгерге баруу боюнча план иштелип чыгат деп билдирген. Ал уялбастан бардык жерге кулактандырууларды калтырып турган.

“Бул жерде ЖМКлардын дагы күнөөсү бар, сиздер дайыма өзүңүздөрдүн баракчаларыңыздарга же телеканалдардан ар түрдүү дарыгерлер тууралуу жарыялап турасыздар. Эл сиздерге ишенет. Биз жакында жыйын уюштурабыз, ага укук коргоо органдарын, бейөкмөт уюмдарды жана ЖМКнын өкүлдөрүн дагы чакырабыз”,-деди Б. Өмүрбекова.

Ал арада Тилек Жантайбеков журналисттердин лицензиясы жок дарыгерлерди кайсыл орган текшерүүгө жана аныктоого укуктуу деген суроосуна: “Эгер кимдир бирөөнү баңги зат менен кармаса, аны ким кармашы керек? Милиция”,-деп жооп берди.

Мындан тышкары, белгилей кетүүчү жагдай акыркы баскычтагы онкологиялык оорулууларды лицензиясы жок белгисиз дарылар менен дарылаган врачтын клиникасы бар экени үстүбүздөгү жылы июль айынын башында эле белгилүү болгон. Бирок, Б.Өмүрбекова жана Т.Жантайбековдор түшүндүргөндөй, жабырлануучунун арызы жок милиция алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт кое албайт. Сотко берүү үчүн кылмыш ишин козгош керек, ал үчүн арыз керек.

“Кыргызстанда биз салттуу эмес ыкма менен дарылоого бир дагы лицензия берген эмеспиз. Дарыгер мамлекеттен уруксат алуусу үчүн текшерүү жаатында чоң иштерди жүргүзөбүз. Анын тиешелүү билими, бөлмөсү, дарылары жана башкалары болгонуна ынангандан кийин гана лицензия беришибиз мүмкүн. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин мындай окуя болгон эмес”,-деди Т.Жантайбеков.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу