28.10.2016, 12:48

Саламаттыкты сактоо департаменти А.Зейналиевдин лицензиясы жок клиникасында онкологиялык бейтаптарды кандай дарылар менен дарылаганын билбейт

Бишкек, 28-октябрь /Кабар/. Лицензиясы жок клиникада дарылануудан өтүп жаткан оорулууларга белгисиз аралашмалар менен венанын ичине инекциялашкан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин директорунун орун басары Тилек Жантайбеков билдирди.

“Биз онкологиялык оорулууларды дарылаган врач кандай дарыларды колдонгонун азырынча билбейбиз. Ал жакта наркотикалык каражаттар колдонулган болушу мүмкүн деген ойдобуз. Бардык дары каражаттар жана аралашмалар маркаланган эмес. Мыйзамдын негизинде укук коргоо органдары мекемени печаттап, буюмдарды эсепке алат, бардык дары каражаттары алынып, медициналык экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин гана биз дарыгер эмне менен дарылаганын айта алабыз”,-деди ал.
Т.Жайналиев дарылоо мыйзамсыз болгонун белгиледи.

“Биз ал жакка барганда, врач уруксат берген документтерди, анын ичинде лицензияны көрсөтө алган жок. Дарылоо ыкмасы – салттуу эмес медицина. Республика боюнча бизде салттуу тажрыйбалуу жардамдар берилип келет. Өлкөдө салттуу эмес медицинаны окуткан адистер жок”,-деп кошумчалады Т.Жайтайбеков.