Медицина

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
13/10 14:07
 

Кувейттик врачтар Кыргызстанда кайрымдуулук операциясын өткөрүшөт

 Кувейттик врачтар Кыргызстанда кайрымдуулук операциясын өткөрүшөт

Бишкек, 13-октябрь /Кабар/. КРнын Кувейт мамлекетиндеги Өзгөчө жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Жусупбек Шарипов 11-октябрда Кувейт түз жардам берүү коомунун өкүлдөрү, кувейттин “Үмүт” медициналык кербенинин жетекчиси Хашим Буризк менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи Ж.Шарипов жана Х.Буризк Кувейт мамлекетинин саламаттыкты сактоо министрлигинин врачтарынын тобунун үстүбүздөгү жылы 4-8-сентябрында Кыргызстанга иш сапарынын жыйынтыгын талкуулашты.
Х.Буризк кувейт врачтарынын тобунун иш сапары ийгиликтүү өткөнүн, саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кыргыз кесиптештери менен пикир алмашуу болгонун белгиледи.

Х.Буризк Ж.Шариповго кувейт врачтарынын КРга жемиштүү иш сапарын уюштургандыгы, КРнын саламаттыкты сактоо министри Т.Батыралиев жана КРнын медицина мекемелеринин жетекчилиги менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн, андан тышкары өлкөнүн таң каларлык кооздугу менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн элчиге ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 2017-жылы май айынын башында Кыргызстанда медициналык кербен өткөрүү тууралуу келишимге макулдашышты. Кербен 30 жогорку квалификациялык врачтардан турат, алар кайрымдуулук негизде бейтаптарга операция жасашат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу