Медицина

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
06/10 15:06
 

Саламаттыкты сактоо министри эмне үчүн Ысык-Көлдө ВИЧ жуктургандардын саны 6 эсеге көбөйүп кеткенин түшүндүрдү

 Саламаттыкты сактоо министри эмне үчүн Ысык-Көлдө ВИЧ жуктургандардын саны 6 эсеге көбөйүп кеткенин түшүндүрдү

Бишкек, 6-октябрь /Кабар/. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев эмне себептен Ысык-Көл облусунда ВИЧ жуктуруп алгандардын саны 6 эсеге өсүп кеткенин түшүндүрүп берди.

Эскерте кетсек, бул боюнча тынчсыздануулар Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында айтылган. Депутат Аида Исмаилова (“Республика – Ата-Журт”) өлкөнүн туристтик облусунда бул вирусту жуктуруп алган 172 учур катталганын билдирген.
Талантбек Батыралиевдин айтымында, чындыгында көрсөткүч эпидемия каттап кеткенинен эмес, элдер медициналык мекемелерге көбүрөөк кайрылып жатканынан өскөн.

“Мындан тышкары, диагностикалык мүмкүнчүлүктөр жакшырган. Россия мобилдик диагностика менен жабдыды, аны аймактарга чыгарууга болот. Азыр ушундай техника Ысык-Көл, Ош, Бишкек жана Жалал-Абадда бар. Баткен облусу үчүн кошумча жабдык бөлүү тууралуу сүйлөшүүлөр уланып жатат. Ошондой эле, элдер оорусун жашырбай, медицина кызматкерлерине көбүрөөк кайрылып калышты. Бул дагы статистикага таасир этет”,-деди ал.

Ал арада Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмү “Кабар” агенттигине 2002-жылдан 2016-жылга чейин Ысык-Көлдө ВИЧ жугузуп алган 171 учур катталганын билдирди.
Оорунун жугуу жолдору: жыныстык катнаш аркылуу – 106, парентералдык жол менен – 57, түздөн-түз жугуу (энеден балага) – 4 учур.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу