Медицина

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
05/10 10:47
 

Пакистандык дарыгерлер менен мугалимдер КММАда ачык сабак өтүштү

 	Пакистандык дарыгерлер менен мугалимдер КММАда ачык сабак өтүштү

Бишкек, 5-октябрь /Кабар/. Бүгүн, 2016-жылдын 5-октябрында Пакистан Ислам Республикасынын Медициналык жана стамотологиялык кеңешинин жана Жогорку билим берүү боюнча комиссиясынын мүчөлөрү –тажрыйбалуу мугалимдер менен дарыгерлер И.К. Ахунбаев атындагы Кыргызстандын Медакадемиясынын морфологиялык корпусунда ачык сабак өтүштү. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматынан билдирди.


Пакистандагы медицинанын жана медициналык жогорку билим берүүнүн маселелерине арналган иш-чарага КММАнын студенттери, анын ичинде, чет өлкөлүк студенттери, ошондой эле окутуучулары, аспиранттары катышты.


Жогорку даражалуу меймандар Медакадемиянын айрым клиникалык кафедраларында, Пластинация музейинде, ЖОЖдун алдындагы Медициналык борбордо болушуп, кыргыз кесиптештеринин иш-тажрыйбалары менен түздөн-түз таанышып чыгышты. Исламабаддан келген дарыгер-педагогдорду КММАнын ректору, профессор Индира Кудайбергенова кабыл алды жана жылуу, иштиктүү маанайда аңгемелешти.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу