Медицина

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
09/08 15:18
 

Иран компаниясы Кыргызстанга фармацевтикалык завод курууну сунуштоодо

Бишкек, 9-август /Кабар/. Иран компаниясы Кыргызстанга фармацевтикалык завод курууну сунуштоодо. Бул тууралуу КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Ирандын «NIAMSH» компаниясынын вице-президенти Агдас Хади Оскоуи башында турган өкүлдөрү менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулашты.
“Иран компаниясы Кыргызстанга медициналык препараттарды жана бир жолу колдонулуучу буюмдарды чыгаруу боюнча фармацевтикалык завод курууну сунуштады. Аталган долбоордун алкагында компаниянын өкүлдөрү курула турган завод бардык эл аралык талаптарга жооп берет жана КРнын ооруканаларынын медициналык буюмдарындагы керектөөлөрү жана медициналык жабдыктар менен камсыздай турганын белгилешти”,-деп айтылат билдирүүдө.

Министр өткөн жылы декабрда Иранга жумушчу сапарынын алкагында Ирандын саламаттыкты сактоо министрлиги менен Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына инвестор тартуу тууралуу макулдашуу болгонун белгиледи.

“Кыргызстанда инвесторлор үчүн бардык шарттар түзүлдү. Биздин өлкө Борбордук Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу ЕАЭБге кирүүнүн алкагында инвестиция салуу үчүн абдан ыңгайлуу. Сиздерди КРнын мыйзамдарына ылайык ачык иштөөгө чакырам, ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги сиздерге колдоо көрсөтүүгө даяр”,-деп белгиледи министр.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу