Медицина

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
01/08 11:42
 

2016-жылдын 1-жарым жылдыгында кургак учуктан өлгөндөрдүн саны кыскарып, 100 миңден 6 адамды түздү

Бишкек, 1-август /Кабар/. 2016-жылдын 1-жарым жылдыгында кургак учуктан өлгөндөрдүн саны кыскарып, 100 миңден 6 адамды түздү.Бул көрсөткүч өткөн жылы 100 миңден 27 адамды түзгөн. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.

Министр белгилегендей, “Кургак учук-4” программасын ишке ашыруунун алкагында калк арасында кургак учук инфекциясынын тарашына каршы иш-чаралар жүрүүдө.
“Кургак учук-4” программасын ишке ашыруунун натыйжасында калктын кургак учуктан каза болушу кыскарууда. Кургак учукка каршы күрөшүү кызматынын нормативдик базасы, инфраструктурасы, кадр потенциалы, кургак учук диагностикасынын сапаты, оорулууларды даарылоо жакшырды”,-деди ал.

Т.Батыралиев кургак учук менен ооругандарга бардык жагынан жардам берүү керектигин белгиледи.

“Бул оору менен жабыркагандар мамилелешүүдөн, сүйлөшүүдөн качып, түнт болуп, натыйжада сакайуудан үмүт үзүп коюшат. Оорулуу өзү айыгууга аракет кылбаса, дарылоодон натыйжа чыкпайт.
Кургак учук менен ооругандарга тууган-туушкандары, жакындары бардык жагынан жардам берүүсү керек. Бул оору менен жапа чеккендер колдоого өтө муктаж”, –деди Саламаттыкты сактоо министри.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу