20.07.2016, 14:36

965 зыяратчы менингит жана сасык тумоого каршы эмделишти

Бишкек, 20-июль /Кабар/. Кыргызстанда 965 зыяратчы менингит жана сасык тумоого каршы эмделишти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.

“Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, 15-19-июлда республика боюнча 965 зыяратчы эмдөөдөн өтүштү. Учурда вакцинация уланып жатат, ал 30-июлда аяктайт”,-деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинин 2016-жылдын 6-июнундагы буйругу менен 14-июлдан тартып республикада зыяратчыларды менингитке жана сасык тумоого каршы эмдөө башталган.