Медицина

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
30/06 16:05
 

Төө-Ашуу өтмөгүндө Кыргызстан-Швейцария илимий изилдөө борбору ачылды

Бишкек, 30-июнь /Кабар/. Төө-Ашуу өтмөгүндө 29-июнь күнү Кыргыз-Швейцариялык илимий изилдөө борбору ачылды. Бул тууралуу КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, илимий изилдөө борборунун ачылышына Кыргызстандык жана Швейцариялык окумуштуулар, Төө-Ашуу бийик тоолуу базасында дарыланып жаткан бейтаптар жана медициналык тармактын өкүлдөрү катышты.

“Илимий изилдөө борборунун негизги максаты Төө-Ашуу бийик тоолуу дарылануу базасын эл аралык медицинанын деңгээлине чыгаруу, Кыргызстандагы тоолуу медицинанын өнүгүшүн камсыздоо, жаш кадрлардын илимий билимин жогорулатуу, жана Кыргызстандагы саламаттыкты сактоодо колдонулуп жаткан технологияларын эл аралык деңгээлге чыгаруу”,-деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын жүрүшүндө бийик тоолуу климаттык негизде бронхиттик асма ооруларынын заманбап технологиялык изилдөө ыкмалары көрсөтүлдү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу