Медицина

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
23/06 17:42
 

Онкологиялык оорулууларды нур терапиясы менен даарылоочу Кыргызстандагы иштен чыгып калган жалгыз аппарат 3-4 күн аралыгында оңдолот

Бишкек, 23 -июня /Кабар/. Онкологиялык оорулууларды нур терапиясы менен даарылоочу Кыргызстандагы иштен чыгып калган жалгыз аппарат 3-4 күн аралыгында оңдолот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.

Белгилей кетсек, Онкология улуттук борборунда онкологиялык оорулууларды нур терапиясы менен даарылоочу Кыргызстандагы жалгыз аппарат бузулуп калгандыгы белгилүү болгон. Радиолог Рахат Аралбаеванын айтымында, TERABALT аппараты 2008-жылы сатылып алынган. Мезгил-мезгили менен бузулуп, өздөрү оңдоп алчу. Аппарат жакында кайрадан бузулуп калган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы өлкөнү меджабдыктар менен камсыздоо көйгөйлүү маселе экендигин белгиледи.
“Медицинанын өсүү деңгээли боюнча биз дүйнөдөн 30 жылга артта калдык. Жакында ошол эле онкологияда дагы бир аппарат иштен чыгып, аны алууга парламент аркылуу 32 млн. сом бөлүнгөн. Саламаттыкты сактоо системасында бардык техникалар эскирип, иштен чыгып калууда. Бардыгын жаңылоо керек, бирок буга каражат жок. Эгерде өлкөдө мамлекет - жеке менчик өнөктөштүгүн өнүктүрүүгө мүмкүн болсо, маселе бир топ жеңил чечилмек.Тилекке каршы, азырынча мындай практика Кыргызстанда өнүгө элек”,-деди министр.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу