Медицина

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
07/05 12:59
 

Талантбек Батыралиев: “Бейтаптарды сапаттуу дарылоо үчүн онкология кызматын жакшыртуу керек”

 Талантбек Батыралиев: “Бейтаптарды сапаттуу дарылоо үчүн онкология кызматын жакшыртуу керек”

Бишкек, 7-май /Шаххан Мырзабеков-Кабар/. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине КРнын саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.

Анын айтымына караганда, саламаттыкты сактоо министрлиги көп жылдардан бери онкологиялык кызмат боюнча маселелерди көтөрүп келишкен. Бирок, ага карабастан бейтаптарга сапаттуу жардам бере алышкан эмес.

“2002-жылы кабыл алынган мыйзамда декларативдүү түрдө бүт онкологиялык оорулар менен сыркоологон бейтапка бекер кызмат берилет деп жазылып калган. Бирок, биз аны аткара алган жокпуз. Биздин бейтаптар тестирлөөдөн өтүш үчүн жакынкы коңшу мамлекеттерге барып келишчү. Кээде бейтаптарга күмөн саналган диагностор коюлбай калат. Анткени, анын үй-бүлөөсүнөн же жакындарынын чөнтөгүнөн кеткен чоң каражат бейтаптын үй-бүлөөсүнүн бюджеттине аябай чоң жоготууларды алып келет. Ошондой эле, бейтап кыйын абалда чет өлкөлөрдө дарыланыш үчүн же диагностикадан өтүш үчүн чуркап жүрүшчү. Ошондуктан, биз декларативдүү түрдө бекер деп жазып албай, онкология кызматын жакшыртууга тийишпиз. Мындан улам КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча онкологиялык кызматтарды камтуу үчүн элдерге кызмат көрсөтүү мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамга кол коюлду. Эмне максатта? Бул мыйзам кабыл алынгандан кийин атайын онкологиялык кызматты бейтаптарды жакшы сапатта дарылашыбыз керек болот. Себеби, бейтаптарды дарылоого, тестирлөөгө кеткен каражатты табуу үчүн каржылоо системасын көбөйтүшүбүз керек”,- дейт Т.Батыралииев.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу