Медицина

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
24/10 11:15
 

И. Карамушкина: “Таза суу жетишсиздиигинен калк арасында сарык оорусу күч алууда”

Бишкек, 24-октябрь /Алтынай Мураталиева-Кабар/. Таза суу жетишсиздигинен калк арасында сарык оорусу күч алууда. Бул туурасында бүгүн ЖК жыйынында КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина билдирди.

Анын айтымында, Панфилов, Москва, Жайыл райондорунун айылдарында 4 айдан бери карай ичүүчү суу тартыш болуп келүүдө. Ал эми Алексеевка айылында сарык оорусу, өзгөчө, ал балдар арасында күч алууда. Айрым мектеп директорлору хлор алууга каражат жоктугун билдиришүүдө”-деди депутат.

Мындай маселе өлкөнүн түштүк аймагында да курч турат. “Алсак, онкологиялык оорулуулардын 70%ын түштүк аймагынын тургундары түзөөрү маалым”, - деп кошумчалады ал.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу