Медицина

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
26/09 11:34
 

Кыргызстан кургак учук менен ооругандардын көрсөткүчү жогорку деңгээлде болгон 27 өлкөнүн ичине кирет

Бишкек, 26-сентябрь /Махабат Момуналиева - Кабар/. Учурда Кыргызстан кургак учук менен ооругандардын көрсөткүчү жогорку деңгээлде болгон 27 өлкөнүн ичине кирет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Бишкек шаарынын саламаттык сактоо департаментинин директорунун орун басары Рахат Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 1996-жылдан баштап ырааттуу түрдө кургак учук менен күрөшүү боюнча бир нече мамлекеттик программалар ишке ашырылган.

 «1996-2000-жылдары «Кургак учук» улуттук программасы, 2001-2005-жылдары «Кургак учук 2», 2006-2010-жылдары аралыгында «Кургак учук 3» программалары ишке ашырылган. Учурда саламаттыкты сактоо секторун реформалоо боюнча «Ден соолук» программасы приоритеттүү маселеси болуп саналат», - деди ал.

Эскерте кетүүчү нерсе, Кыргызстанда 1998-жылы «Калкты кургак учуктан сактоо» жөнүндө мыйзам кабыл алынган.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу