Медицина

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
25/09 12:43
 

Великобританияда атиптүү пневмония вирусунун жаңы түрү табылды

Бишкек, 25-сентябрь /Кабар/. Великобританиянын дарыгерлери 2003-жылы бир нече жүздөгөн адам өмүрүн алып кеткен Sars вирусуна, же “атиптүү пневмонияга” окшош вирустун жаңы түрүн жуктуруп алган окуяга күбө болушкан, деп маалымдайт РБК.

Маалымдалгандай, бул көрүнүш экинчи ирет кайталанып отурат, экөө тең Сауд Аравиясында пайда болгон. Ооруга кабылгандардын бири учак аркылуу Великобританияга жеткирилсе, ал эми экинчиси ошол эле жерде тез арада көз жумган.

Окумуштуулар азырынча бул вирустун кандай кесепеттерге алып келүүсү тууралуу иликтөө жүргүзүүдө. Британ профессору, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Джон Уотсондун айтымында, жугуштуу оорунун адамдан адамга берилүүсү тууралуу маалымат жок. Ошентсе да министрликте алдын-алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, оорулуу менен байланышта болгон кызматкерлер көптөгөн текшерүүдөн өткөрүлгөн.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу