Медицина

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
24/09 10:37
 

КР Өкмөт башчысы Чүй облустук кургак учук ооруканасына толук оңдоо иштери үчүн 4 млн. сом бөлүүнү тапшырды

Чүй облусу, 24-сентябрь /Адилет Султаналиев - Кабар/. Кыргызстандын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Чүй облустук кургак учукка каршы күрөшүү ооруканасына толук оңдоо иштери үчүн 4 млн. сом бөлүүгө тапшырма берди. Бул тууралуу КР өкмөт башчысы 22-сентябрда бул медициналык мекемеге барган учурда айтты.

Аталган жолугушууга катышкан саламаттык сактоо министри Динара Сагымбаева оорукана 1957-жылы курулгандыгын билдирди. Имарат эки корпустан турат: бир кабаттуу жана эки кабаттуу, 60 орундук орнотулган 16 палата бар. Штаты 36 адамдан турат.

Жергиликтүү жашоочулар ооруулуулар көпчүлүк учурда медициналык мекеменин аймагынан сыртка чыгышкандыгына тынчсыздануусун билдиришти. Алар объектини кайтарууну күчөтүүнү жана аны өзгөчө кайтаруудагы имараттардын катарына кошууну суранышты. Бирок премьер-министр, бул мыйзамга каршы келээрин билдирип, анткен менен маселени чечүүнү убада кылды.

Ошол эле учурда оорукананын жетекчилигинин маалыматына ылайык, округда бир да адам кургак учукту жугузуп алган учур катталган эмес.

Кыргызстандын өкмөт башчысы бул медициналык мекеменин бөлүмдөрүн толук оңдоо иштерине 4 млн. сом бөлүүнү тапшырды.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу