Медицина

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
20/09 17:04
 

Кыргызстанда кан тапшырган донорлордун саны аз

Бишкек, 20-сентябрь /Махабат Момуналиева - Кабар/. 2011-жылы Кыргызстанда 30 миң 45 адам донор болуп кан тапшырган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат борборунан билдирди.

Маалыматка ылайык 1985-жылы донорлордун саны 178 миң 232 адамга жеткен.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1 миң адамга 6 донор туура келет. Ал эми Россияда 25, АКШда 109.

Кан борбору донорлордун санын көбөйтүү максатында ар кыл акцияларды өткөрүп келет. Себеби, канга болгон муктаждык жыл сайын жогорулоодо. Муктаждыкты толук камсыздоо үчүн жылына 1 миң адамдын 40-50сү кан тапшырып турушу керек.

Кан борборунан донорлордун саны жыл сайын азайып жаткандыгын белгилешет. Жарандар кан тапшыруу ден соолукка коркунуч туударбай тургандыгын, кан алуу бир ирет колдонулуучу “системалар” менен алынаарын билиши зарыл.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу