Медицина

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
19/09 12:45
 

Кыргызстан кургак учук оорусуна чалдыккандар боюнча жогорку көрсөткүчтүү 27 өлкөнүн ичине кирет

Бишкек, 19-сентябрь /Кабар/. Учурда Кыргызстан кургак учук оорусуна чалдыккандар боюнча жогорку көрсөткүчтүү 27 мамлекеттин катарына кирет. Бул тууралуу Бишкек шаар мэриясынын маалымат кызматы билдирет. 

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1996-жылдан тарта калкты кургак учуктан коргоо боюнча бир катар улуттук программалар акырындык менен ишке ашырылып келе жатат. Жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга карабастан, республикада кургак учук боюнча эпидемиялык кырдаал сакталууда.  

Отчеттук маалыматтар боюнча, өткөн жылга салыштырмалуу республикада кургак учук оорусу 17,9 пайызга өскөндүгү белгиленет.

2011-жылы илдеттин 2839 учуру катталса, үстүбүздөгү жылда кайрадан аныкталган 3068 учуру катталган. Илдет боюнча эң жогорку көрсөткүч Чүй облусунда, Ош жана Бишкек шаарларында байкалат.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу