Медицина

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
19/09 10:43
 

Кыргызстанда 11 миң адам сибирь жарасын жуктуруп алышы мүмкүн

 Бишкек, 19-сентябрь /Кабар/. Кыргызстанда сибирь жарасын жуктуруп алуу коркунучунда 11 миң адам бар. Бул тууралуу 18-сентябрь күнү вице-премьер-министр Камила Талиеванын төрагалыгы астында өткөн КР Өкмөтүнүн алдындагы Республикалык Чукул эпидемияга жана эпизотияга каршы комиссиянын 1-отурумунда маалым болгон. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Республикада сибирь жарасы менен жабыркоо боюнча учурдагы эпидемиялык кырдаал тууралуу Карантин жана өтө коркунучтуу жугуштуу илдеттердин республикалык борборунун директорунун орун басары Кубатбек Акматбеков билдирген. Анын айтуусу боюнча,бүгүнкү күндө республикада бул ооруну жуктуруп алуунун 1236 борбору катталса, анын 44 пайызы гана табылган эмес. Үстүбүзүдөгү жылы бул илдетке шектүү катары 12 адам катталып, анын 5 учуру аныкталгандыгын белгиледи. “Биз тараптан илдетти аныктоо жана жуктуруп алуу коркунучундагы адамдарды эмдөө боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлдү. Ал менен катар жер-жерлерде профилактикалык иштер жүргүзүлгөн”, - деди ал. 

Катышуучулар тарабынан илдетти жуктуруп алуу коркунучунда турган 11 миң адамды эмдөө маселеси көтөрүлдү. Келерки жылдан тарта ооруну жуктуруп алуу коркунучунда турган бардык жеке ишкерлерди, атай кетсек, эт азыктарын, мал продукцияларын сатуу менен алектенген адамдарды милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүшү сунушталды. 

Өз кезегинде вице-премьер-министр сибирь жарасын жуктуруп алуунун алдын алуу боюнча тиешелүү иш-чаралардын калк арасында жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөгөндүгүн белгиледи. “Биз бүгүн бир гана мамлекеттик орган чечүүгө болбой турган катаал маселени талкуулап жатабыз. Бул жакта бардык министрликтердин жана мекемелердин, ал эле эмес жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын биргеликтеги иш-аракети зарыл”, - деди К.Талиева.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу