Медицина

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
14/09 18:26
 

40тан 60 пайызга чейин эркектердин тукумсуздугунун кѳбѳйүшү кескин жогорулоодо

Бишкек, 14-сентябрь /Кабар/. 17-21-сентябрь күндөрү КР саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу менен республиканын баардык аймактарында «Эркектердин саламаттыгынын жумалыгы» ѳткѳрүлѳт. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Акциянын жүрүшүндѳ, облусттук медициналык мекемелерге кайрылган ар бир эркек акысыз текшерүүдѳн ѳтүп жана кандайдыр бир оорулар байкалган болсо аларды дарылоо туурасында сунуштарды алышса болот.
Акциянын башкы максаты – коомчулукту эркектердин саламаттыгынын кѳйгѳйлѳрүнѳ буруу болуп саналат.
Учурда аялдарга караганда эркектердин жашоосунун узактыгы 7-10 жылга кыска. Наркомания жана аракечтиктин прогрессивдүү түрдѳ ѳсүп жатканы менен ѳз ден соолугуна кайдыгер кароо, эркектердин ѳлүмүнүн кѳбѳйүшүнүн себептеринин бири болуп саналат.
 Мурдагы жылдарда ѳткѳрүлгѳн акциялардын жыйынтыгы боюнча 40 жаштан жогору курактагы эркектердин 60%на жакыны эркектик милдетин аткара албай калуу абалына кириптер болушууда. Анын баардыгы алардын жашоосунун сапатсыз болуп калышына алып келүүдѳ.  40тан 60 пайызга чейин эркектердин тукумсуздугунун кѳбѳйүшү кескин жогорулоодо. 
55 жаштан жогору эркектердин 70%ы заарасынын токтобогондугу менен жабыркашат. Бул болсо эрте ѳлүмгѳ учурагандардын бирден бир негизги себеби экендигине карабай, алардын арасынан 8 гана пайызы дарыгерлерге жардам сурап кайрылышат.


 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу