Медицина

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
14/09 09:16
 

Кыргызстанда эркектер ден соолугунун жумалыгы өткөрүлөт

Бишкек, 14-сентябрь /Кабар/. КР Саламаттыкты сактоо министрлиги 17-21-сентябрь күндөрү республиканын бардык облустарында эркектер ден соолугунун жумалыгын өткөрөт. 

Акциянын жүрүшүндө облустардын медициналык мекемелерине кайрылган ар бир эркек адам акысыз текшерүүдөн өтүп, аныкталган ооруларды дарылоо боюнча кеңештерди ала алышат. 

Акция эркек адамдын ден соолугуна байланышкан көйгөйлөргө коомчулуктун көңүлүн бурууну максат кылат. 

Мындай акция жылына 1 миң 500дөн ашуун эркек адамга квалификациялык текшерүүдөн жана консультациядан өтүүгө мүмкүнчүлүк берүү менен Кыргызстанда 6-жолу өткөрүлгөнү турат. 

Жумалык саламаттыкты сактоо, ММК кызматкерлерине эркек адамдардын ден соолугуна байланышкан көйгөйлөрдү кеңири чөйрөдө талкуулоого, профилактика тууралуу кеңири маалымат берүүгө, аларда көп кездеше турган ооруларды эрте аныктоого жана аларды өз убагында сапаттуу дарылоого мүмкүндүк түзөт.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу