Медицина

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
13/09 17:19
 

Бишкектеги төрөт үйлөрү шаардыктарды тейлегенге жетишпей жатат

Бишкек, 13-сентябрь /Махабат Момуналиева - Кабар/. Бишкектеги төрөт үйлөрү шаардыктарды тейлегенге жетишпей жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын премьер-министри саламаттык сактоо министрлигинин жана медициналык жайлардын жетекчилери менен болгон жолугушуусунда №2 төрт үйүнүн башкы врачы Азамат Алымбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө шаар калкынын саны 1 миллиондон ашты, аларды 4 төрөт үйү тейлегенге жетишпейт.

“Бул төрөт үйлөрү салынганда 500 миңге жетпеген калкы бар шаарга эсептелген. Бүгүнүк күндө палаталар жетишсиз болуп коридордо, кушеткаларда төрөгөн аялдар болууда. Кошумча дагы бир үй курулбаса абал татаалдашат”, - деди ал.

А.Алымбаев Бишкекте балдардын төрөлүшү жогорулап жаткандыгын кошумчалады.


 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу