Медицина

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
13/09 16:59
 

Адамды репродукциялоо борборунун башчысы Өкмөттөн медмекемелердин атайы каражаттарынан 20% салыкты алып салууну өтүнөт

Бишкек, 13-сентябрь /Роза Алмакунова - Кабар/. «Биз өкмөттөн атайын каражаттардан алынуучу 20% салыкты алып таштоону өтүнөбүз”, - деди бүгүн КР премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин саламаттыкты сактоо министрлигинин жана республикалык медициналык мекемелердин жетекчилери менен болгон жолугушуусунда Адамды репродукциялоо борборунун башчысы Аида Токтомаматова. 

Анын айтымында, медициналык мекемелер бул каражатка оңдоо иштерин жүргүзүп, дары-дармек жана жабдууларды сатып алмак. 

Өз кезегинде премьер-министр билдиргендей, коммерциялык уюмдар үчүн салык салуу милдеттүү түрдө жүргүзүлөт. “Мен Финминге бул маселени карап чыгуу тапшырмасын берем”, - деп кошумчалады ал.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу