Медицина

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
13/09 15:55
 

Кыргызстанда жылына жүрөктүн тубаса оорулары менен 1,5 миң бала төрөлөт

Бишкек, 13-сентябрь /Махабат Момуналиева - Кабар/. Кыргызстанда жылына жүрөктүн тубаса оорулары менен 1,5 миң бала төрөлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин саламаттык сактоо министрлигинин жана медициналык жайлардын жетекчилери менен болгон жолугушуусунда Эне жана баланын ден соолугун коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирди.

Анын айтымында, алардын 700ү 1 жашка чыкпай чарчап калышат.

“Улуттук борбордун жанында 20 жыл мурун курула баштаган имарат бар, эгерде каражат бөлүнүп, имараттын курулушу аяктаса, Япония өкмөтү медициналык жабдыктар менен камсыздоого даяр экендигин билдирди”, - деп айтты К.Узакбаев.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу