Медицина

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
13/09 15:09
 

Кыргызстанда быйыл чет элдик дарыгерлердин катышуусунда бөйрөктү жалгаштыруу боюнча эки операция өттү

Бишкек, 13-сентябрь /Махабат Момуналиева - Кабар/. Кыргызстанда быйыл чет элдик дарыгерлердин катышуусунда бөйрөктү жалгаштыруу боюнча эки операция өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин саламаттык сактоо министрлигинин жана республикадагы медициналык жайлардын жетекчилери менен болгон жолугушууда министр Динара Сагинбаева билдирди.

Министр, мамлекеттик бюджеттен жогорку технологиялар фондуна көбүрөөк каражат бөлүнсө деген оюн айтты.

“Бөйрөктү жалгаштыруу боюнча операцияларды биздин дарыгерлер да жасай алышат, бирок ал кымбатка турууда, себеби анализдерди Алматыга жөнөтүп жатабыз. Эгерде фондго кражат көбүрөөк бөлүнсө, зарыл болгон медициналык техниканы жана медикаменттерди сатып алып, анын баасын төмөндөтүүгө болот эле”, - деди министр

Д.Сагинбаева бөйрөк жалгаштыргандар өмүр бою кымбат баалуу дары-дармектер менен дарыланышы керектигин, аларга мамлекеттик колдоо зарыл экендигин билдирди.


 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу