Медицина

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
13/09 11:35
 

Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына каражат жетишсиз бөлүнүүдө

Бишкек, 13-сентябрь /Махабат Момуналиева - Кабар/. Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагында каражат жетишсиз. Бул тууралуу КР премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин министрликтин жана медициналык мекемелердин жетекчилери менен болгон жолугушууда министр Динара Сагинбаева билдирди.

Анын айтымында, быйыл капиталык ремонтко бир да сом каралган эмес.

«Капиталык ремонтко 600 миллион сом зарыл. Бизге 25 жаңы имарат керек, бирок планга 11 имараттын курулушу киргилизилген. Бирок ага да каражат бөлүнө элек», - деп айтты Д.Сагинбаева.

Министр Бишкектеги жугуштуу оорулар ооруканасын ремонттогондун ордуна жаңы имарат курган оң экендигин айтып, премьер-министрден бул маселени карап чыгууну суранды.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу