Медицина

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
12/09 10:42
 

Германиялык кайрымдуулук фонду КР медициналык мекемесине 200 миң евро баасындагы меджабдуу берди

Бишкек, 12-сентябрь /Кабар/. КР Германия Федеративдүү Республикасындагы элчилиги тарабынан Кыргызстанга гуманитардык жардам берүү боюнча ишмердүүлүктүн алкагында “Ein Herz für Kinder” кайрымдуулук фонду тарабынан көрсөтүлгөн медициналык аспаптар андан ары КР Улуттук кардиология жана терапия борборуна караштуу Жүрөктүн хирургиясы жана органдардын трансплантациясы илимий-изилдөө борборуна өткөрүп берүү үчүн “Help the children-SKD” коомдук фондуна жеткирилип берилди. Бул тууралуу КР ТИМ маалымат кызматы билдирди.

Жалпы суммасы 200 миң долларды түзгөн “Dräger medical GmbH” компаниясынын өндүрүшүнөн чыккан гуманитардык жардам дем алуу аппараттарынан, жаңы төрөлгөндөр үчүн реанимациялык столдон, мониторлордон, хирургиялык жабдыктардан, кардиохирургиялык аппараттардан жана башка жабдыктардан турат.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу