Медицина

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
10/09 14:43
 

Гүлнара Ташибекова: “Саламаттык сактоо министрлиги реанимобилдерди камсыздандыруу маселесин карап жатат”

Бишкек, 10-сентябрь /Махабат Момуналиева - Кабар/. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү күндө реанимобилдерди камсыздандыруу маселесин карап жатат. Бул тууралуу тез жардам көрсөтүү станциясынын башкы дарыгери Гүлнара Ташибекова билдирди.

“Автомобилдердин техникалык тейлөөсү үчүн 2 миллион 235 миң сом сураганбыз, бирок шаардык кеңеш 400 миң сом гана бөлүп берүүгө даяр экендигин билдирди”, -дейт Г.Ташибекова.

Ал мамлекет мүлк менен бирге Тез жардам станциясынын дарыгерлерин дагы камсыздандырышы керек экендигин баса белгиледи. “Тез жардам станциясы жолдогу айдоочулардын кесепетинен кырсыктарга кабылып, анда унаалар жарактан чыгып, кээ бир дарыгерлер катуу жаракат алып жатышат. Аларга эч бир жардам көрсөтүлбөйт, ушул себептен камсыздандыруу зарыл”, - деди ал.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу