Медицина

Февраль 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29  
10/09 13:00
 

Германиянын Өнүктүрүү банкы Кыргызстандын саламаттык сактоо тутумуна 9 миллион евро бөлүп берди

Бишкек, 10-сентябрь /Махабат Момуналиева - Кабар/. Германиянын өнүктүрүү банкы Кыргызстандын саламаттык сактоо тутумуна жардам көрсөтүү максатында 9 миллион евро бөлүп берди. Бул тууралуу Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында аталган банктын саламаттык сактоо тармагы боюнча кеңешчиси Йоахим Шуурман билдирди.

Анын айтымында, 6 миллион еврого медициналык жабдыктар сатылып алынды. “Мындан тышкары 9 атайын медициналык автомобиль алынды. Анын алтоо Бишкек, үчөө Ош шаарынын тез жардам станцияларына бөлүндү. Мындан тышкары бул каражаттын эсебинен атайын кадрлар даярдалды, алар калк арасында биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча маалыматтык компания жүргүзүшөт”, - деп айтты Йоахим Шуурман. 

Жыйында бүгүнтөн баштап калк арасында биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча маалыматтык компания старт алгандыгы маалым болду.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу