Медицина

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
20/06 12:48
 

Кыргызстанда гемофилия менен ооругандардын өмүрүн сактап калуучу дарылар жок

Кыргызстанда гемофилия менен ооругандардын өмүрүн сактап калуучу дарылар жок

Бишкек, 20-июнь /Махабат Момуналиева - Кабар/. Кыргызстанда гемофилия менен ооруган балдардын өмүрүн сактап калуучу дарылар жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында "Гемофилия менен ооругандардын коому" коомдук уюмунун координатору Бакыт Кутукеев билдирди.

Анын айтымында, акыркы 4-5 жыл ичинде гемофилия менен жабыркагандардын өмүрүн сактап калуунун көрсөткүчү жогорулаган. “Бирок, учурда дары-дармектердин жоктугу коркунуч жаратууда. Бул препараттарды алууга тендер жарыяланган эле, бирок кандайдыр бир себептерден аны өткөрүү мөөнөтү кечеңдап жатат”, - деп айтты Б.Кутукеев.

Басма сөз жыйынын дагы бир катышуучусу, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун коомдук байкоочу кеңешинин төрагасынын орун басары Эркинбек Маматов тендер өткөрүүдө алар жеке кызыкчылыкты көздөбөй тургандыгын айтты.

“Тендерге катышууга билдирмелерин берген фирмалардын бирөөлөрү аппробациядан өткөн препаратты сунуштаса, экинчилери жаңы муундагы дарыны көрсөтүүдө. Ушул себептен тендер кармалып жатат”, - деп билдирди Э.Маматов.

Гемофилия муундан-муунга берилүүчү дарт. Ал эркек балдарга гана өтөт. Оорулууларга өз убагында медициналык жардам көрсөтүлбөсө, кансыроодон каза болушат.
 

 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу