Медицина

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
20/04 10:29
 

Р.Асылбашева: “Бүгүн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун акушер-гинекологдору аялдарды акысыз текшеришет”

Р.Асылбашева: “Бүгүн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун акушер-гинекологдору аялдарды акысыз текшеришет”

Бишкек, 20-апрель /Махабат Момуналиева - Кабар/. Бүгүн Бишкекте үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун акушер-гинекологдору аялдарды акысыз текшеришип, консультацияларды өткөрүшөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Бишкек мэриясына караштуу саламаттыкты сактоо департаментинин медициналык жардамды уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Раиса Асылбашева билдирди.

Анын айтымында, кыз-келиндер гинеколог, кольпоскопия дарыгерлеринин кабыл алуусунда болушуп, УЗИден текшерүүдөн өтө алышат. “Иш чара аялдардын ден-соолугуна кам көрүү максатында өткөрүлүүдө. Ооруларды алдын алуу, эрте аныктоо аялдардын жана балдардын ден соолугун чыңдоого мүмкүндүк түзөт. эрте аныкталган дарт анын тез айыгышына шарт түзөт”, - деди ал.

Р.Асылбашева акыркы жылдары Кыргызстанда кош бойлуу аялдар арасында патологиялык оорулар күч алып жаткандыгын айтты. 
 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу