Медицина

Август 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
05/04 10:33
 

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнү активдүү белгиленет

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнү активдүү белгиленет

Бишкек, 4-апрель. /Махабат Момуналиева - Кабар/. Кыргызстанда бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнүн алкагында республика боюнча бир топ иш чаралар өтөт. Анын ичинде чуркоо марафону, маданий иш чаралар уюштурулат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ден-соолукту чыңдоо республикалык борборунун директору Гүлмира Айтмурзаева билдирди.

Анын айтымында, карыларга ар тараптан колдоо көрсөтүү менен дени сак жашоого үндөп шарт түзүп берүү керек. «Ден соолукка кам көрүү керек. Ар бирибиз өз кан басымыбызды, көздүк ичинин басымын билүүбүз керек. Карыларды ар акцияларга чакырып, катыштырып жашоосуна шаң кошуубуз керек», - деп айтты ал.

Г.Айтмурзаева Кыргызстанда кары картаңдар үчүн медициналык кызматтардын баары бекер экендигин, башкача айтканда мамлекет тарабынан көрсөтүлө  тургандыгын кошумчалады.

Басма сөз жыйындын катышуучулары жарандарды 7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүн белгилөө үчн жаштарды активдүү катышууга чакырды.

 

 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу