Медицина

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
03/02 12:26
 

Саламаттыкты сактоо министрлиги 2012- жылды “Дени сак жүрөктөр жылы” катары жарыялады

Саламаттыкты сактоо министрлиги 2012- жылды “Дени сак жүрөктөр жылы” катары жарыялады

Бишкек, 3-февраль /Жолдош Жусупов - Кабар/.  Саламаттыкты сактоо министрлиги 2012- жылды “Дени сак жүрөктөр жылы” катары жарыялады. Бул тууралуу бүгүн, 3- февралда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева билдирди.

“Кыргызстандын Президенти быйылкы жылды “Үй- бүлө, тынчтык жана кечиримдүүлүк жылы” деп жарыялаганадыгына байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги быйылкы жылды “Дени сак жүрөктөр жылы” катары жарыялап, жыл бою бул багытта иштөөнү мерчемдөөдө”,- деди министр.

Анын айтымында, Кыргызстанда  жүрөк ооруларынан көз жумган адамдардын саны боюнча Евразия континентинде 8-орунда турат. Жылына 18 миң кыргызстандык жүрөк оорусунан каза болот. Бул болсо өлкө боюнча бир жылда өлгөн адамдардын 50 пайызын түзүүдө. Ушул себептен министрлик жүрөк ооруларын алдын  алууга көңүл бурууну чечкен. 

“Келээрки жумадан баштап министрликтин алдындагы көчмө медициналык борбор Бишкектин жаңы конуштарын кыдырып, жарандарыбыздын ден соолугун текшере баштайт. Аталган көчмө борбор акырындап республиканын бардык аймактарын кыдырып, элди медициналык тейлөөнүн сапаты жакшырат”,- дейт министр. 

Мындан тышкары министрлик жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу иш-чараларын күчөтүү максатында иш жүргүзүүдө. Бул багытта адистердин билимин жана калктын жүрөк ооруларынын алдын алуу боюнча маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында тегерек столдор, илимий конференциялар жана сынактар уюштурулат. Ошондой эле 2012-жылы Улуттук кардиология жана терапия борбору жаңы аппараттар менен жабдылып, дартты аныктоонун жана дарылоонун жаңыча технологиялары ишке киргизилмекчи.

 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу